# 239-статья. Сырттан чыгарылган чечимди жокко чыгаруу жөнүндө арыздын мазмуну

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 23-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-239>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-239.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 239-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-239

---

1. Сырттан чыгарылган чечимди жокко чыгаруу жөнүндө арыз:

1) сырттан чыгарылган чечимди чыгарган соттун аталышын;

2) арыз берген жактын аталышын;

3) соттун жыйналышына тараптын келбей калышынын себеби жүйөөлүү экендигин ырастаган, ал өз учурунда сотко билдире албаган жагдайларды, ошондой эле чечимдин мазмунуна таасир этиши мүмкүн болгон далилдерди;

4) арыз берген адамдын өтүнүчүн;

5) арызга тиркелген материалдардын тизмесин камтууга тийиш.

2. Сырттан чыгарылган чечимди карап чыгуу жөнүндө арызга тарап же анын өкүлү кол коет жана ишке катышкан жактардын санына ылайык көчүрмөсү менен сотко берилет.

3. Арыз үчүн мамлекеттик алым төлөнбөйт.

---

Мурунку берене: [238-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-238)  
Кийинки берене: [240-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-240)
