# 234-статья. Сырттан кароонун негиздери

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 23-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 августа 2004 года № 110 " О внесении изменений и дополнений в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики "](https://aqlex.ai/kg/doc/1509)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/12#diff=920725..920726>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-234>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-234.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 234-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-234

---

1. Соттун отурумуна отурумдун убактысы жана орду жөнүндө тиешелүү түрдө кабарландырылган, келбей калуунун жүйөөлүү себептери жөнүндө билдирбеген жана ишти өзү катышпастан карап чыгуу жөнүндө суранбаган жоопкер келбей калган учурда, эгерде доогер каршы болбосо, иш сырттан кароо тартибинде жүргүзүлүшү мүмкүн. Ишти ушундай тартипте карап чыгуу жөнүндө сот аныктама чыгарат.

Ушул главанын талаптары администрациялык жана экономикалык иштер боюнча жарандык сот ишин жүргүзүү тартибинде каралуучу иштерге жайылтылбайт.

2. Ишке бир нече жоопкер катышкан учурда соттун отурумуна бардык жоопкерлер келбей калганда иш сырттан кароо тартибинде каралышы мүмкүн.

3. Эгерде соттун отурумуна келген доогер ишти жоопкер жокто сырттан кароо тартибинде жүргүзүүгө макул болбосо, сот ишти териштирүүнү кийинкиге калтырат жана жоопкерге соттун отурумунун убактысы жана орду жөнүндө кабарды жөнөтөт. Тиешелүү түрдө кабарландырылган жоопкер дагы келбей калган учурда сот ишти сырттан кароо тартибинде жүргүзөт.

4. Доогер доонун предметин же негизин өзгөрткөн учурда сот ишти ошол соттун отурумунда сырттан кароо тартибинде жүргүзүүгө укуксуз.

(КР 2004-жылдын 8-августундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [233-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-233)  
Кийинки берене: [235-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-235)
