234-статья. Сырттан кароонун негиздери
Күчүн жоготкон · 20.01.2017 редакциясы · 23-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 января 2017 года № 6.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 8 августа 2004 года № 110
1. Соттун отурумуна отурумдун убактысы жана орду жөнүндө тиешелүү түрдө кабарландырылган, келбей калуунун жүйөөлүү себептери жөнүндө билдирбеген жана ишти өзү катышпастан карап чыгуу жөнүндө суранбаган жоопкер келбей калган учурда, эгерде доогер каршы болбосо, иш сырттан кароо тартибинде жүргүзүлүшү мүмкүн. Ишти ушундай тартипте карап чыгуу жөнүндө сот аныктама чыгарат.
Ушул главанын талаптары администрациялык жана экономикалык иштер боюнча жарандык сот ишин жүргүзүү тартибинде каралуучу иштерге жайылтылбайт.
2. Ишке бир нече жоопкер катышкан учурда соттун отурумуна бардык жоопкерлер келбей калганда иш сырттан кароо тартибинде каралышы мүмкүн.
3. Эгерде соттун отурумуна келген доогер ишти жоопкер жокто сырттан кароо тартибинде жүргүзүүгө макул болбосо, сот ишти териштирүүнү кийинкиге калтырат жана жоопкерге соттун отурумунун убактысы жана орду жөнүндө кабарды жөнөтөт. Тиешелүү түрдө кабарландырылган жоопкер дагы келбей калган учурда сот ишти сырттан кароо тартибинде жүргүзөт.
4. Доогер доонун предметин же негизин өзгөрткөн учурда сот ишти ошол соттун отурумунда сырттан кароо тартибинде жүргүзүүгө укуксуз.
(КР 2004-жылдын 8-августундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 20.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
234-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 8 августа 2004 года № 110 " О внесении изменений и дополнений в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики "Редакцияларды салыштыруу
08.08.2004 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…Ишти ушундай тартипте карап чыгуу жөнүндө сот аныктама чыгарат. кошулду: Ушул главанын талаптары администрациялык жана экономикалык иштер боюнча жарандык сот ишин жүргүзүү тартибинде каралуучу иштерге жайылтылбайт. 2. Ишке бир нече жоопкер катышкан учурда соттун отурумуна бардык … ошол соттун отурумунда сырттан кароо тартибинде жүргүзүүгө укуксуз. кошулду: (КР 2004-жылдын 8-августундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/12/st-234" title="234-статья - Жарандык процесстик кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>