# 227-статья. Соттун жеке аныктамасы

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 21-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-227>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-227.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 227-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-227

---

1. Сот отурумунда мыйзамдын бузулгандыгынын учурлары аныктаганда сот жеке аныктама чыгарууга жана аны тийиштүү мамлекеттик органга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, юридикалык жактарга жана (же) алардын кызмат адамдарына жиберүүгө укуктуу, алар жеке аныктаманын көчүрмөсү алынган күндөн баштап бир айлык мөөнөттө көрүлгөн чаралар жөнүндө билдирүүгө милдеттүү.

2. Көрүлгөн чаралар жөнүндө билдирилбеген учурда ага күнөөлүү кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык администрациялык жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн. Мындай администрациялык жаза тийиштүү кызмат адамдарын, соттун жеке аныктамасы боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө билдирүү милдетинен бошотпойт.

3. Эгерде ишти кароодо сот тараптардын, процесстин башка катышуучуларынын, кызмат жана башка адамдардын аракетинен кылмыш белгилерин тапса, ал жөнүндө прокурорго билдирет.

4. Жеке аныктамага даттанылышы же талап кылынышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [226-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-226)  
Кийинки берене: [228-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-228)
