# 225-статья. Аныктама чыгаруунун тартиби

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 21-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 марта 2014 года № 48 "О внесении изменений и дополнений в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205270)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/12#diff=920743..920744>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-225>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-225.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 225-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-225

---

1. Иш маңызы боюнча чечилбей калган соттун актысы аныктама түрүндө чыгарылат.

Аныктама өз алдынча процесстик документ катары ушул Кодекстин 16-статьясында каралган тартипте сот тарабынан кеңешүү бөлмөсүндө чыгарылат.

2. Анча татаал эмес маселелерди чечүүдө сот кеңешүү бөлмөсүнө барбастан эле аныктама чыгара алат. Мындай аныктама сот отурумунун протоколуна жазылат.

3. Аныктама кабыл алынаар замат дароо жарыя кылынат.

4. Соттун аныктамасы ушул Кодексте белгиленген мөөнөттө даттанылышы мүмкүн.

(КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 48 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [224-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-224)  
Кийинки берене: [226-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-226)
