# 224-статья. Арызды кароосуз калтыруунун тартиби жана анын кесепеттери

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 20-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-224>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-224.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 224-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-224

---

1. Арыз кароосуз калтырылган учурларда сот ишин жүргүзүү соттун аныктамасы менен аяктайт. Мындай аныктамада сот ушул Кодекстин 223-статьясында көрсөтүлгөн ишти кароого бөгөт болуучу жагдайларды көрсөтүүгө милдеттүү.

2. Арызды кароосуз калтырууга негиз болгон жагдайлар четтетилгенден кийин таламдаш тарап сотко кайра жалпы тартипте кайрыла алат.

3. Сот доогердин же жоопкердин өтүнүчү боюнча, эгерде тараптар алардын сот отурумуна келбей калышынын себеби жүйөөлүү экендигин жана ал жөнүндө сотко билдирүү мүмкүн болбой калгандыгын ырастаган далилдерди көрсөтсө, ушул Кодекстин 223-статьясынын 5- жана 6-пунктчаларында көрсөтүлгөн негиздер боюнча арызды кароосуз калтыруу жөнүндөгү өз аныктамасын жокко чыгарат.

Андай өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө соттун аныктамасына жекече даттанылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [223-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-223)  
Кийинки берене: [225-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-225)
