# 22-статья. Баш тартуу жөнүндөгү билдирүүнү канааттандыруунун натыйжалары

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 2-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 декабря 2016 года № 217 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111498)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/12#diff=920748..920749>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 22-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-22

---

1. Райондук (шаардык) сотто ишти караган судьядан баш тартылган учурда, бул иш ошол эле сотто башка судья тарабынан каралат. Иш каралып жаткан сотто судьяны алмаштыруу мүмкүн болбосо, иш башка райондук (шаардык) сотко жогору турган сот аркылуу берилет.

2. Ишти Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда, областтык сотто, Бишкек шаардык сотунда кароодо судьядан баш тартылганда бул иш ошол эле сотто, бирок судьялардын башка курамы тарабынан каралат.

3. Эгерде баш тартууну канааттандыруунун натыйжасында же ушул Кодекстин 18-статьясында көрсөтүлгөн себептер боюнча областтык сотто, Бишкек шаардык сотто жаңы курамын түзүү мүмкүн болбосо, анда иш жогору турган сот аркылуу ошол эле деңгээлдеги башка сотко берилүүгө тийиш.

(КР 2016-жылдын 23-декабрындагы № 217 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-21)  
Кийинки берене: [23-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-23)
