# 217-статья. Сот ишин жүргүзүүнү токтото турууга соттун укугу

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 18-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 марта 2014 года № 48 "О внесении изменений и дополнений в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205270)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 14.03.2014 [Закон КР от 14 марта 2014 года № 48 "О внесении изменений и дополнений в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205270); 25.07.2008 [Закон КР от 25 июля 2008 года № 168 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202379)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/12#diff=920743..920744>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-217>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-217.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 217-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-217

---

Сот ишке катышкан жактардын арызы боюнча же өз демилгеси менен төмөнкү учурларда:

1) тараптар Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскерлеринде же аскердик түзүлүштөрүндө чакыруу боюнча же кандайдыр-бир мамлекеттик милдетти аткаруу үчүн тартылган аскердик кызматта турса;

2) тараптар узак мөөнөттүк иш сапарында болсо;

3) тараптар дарылоо мекемелеринде болсо же алардын оорусу сотко келүүгө жолтоо болсо жана медициналык мекеменин аныктама каты менен ырасталса;

4) ушул Кодекстин 130-статьясында каралган учурда жоопкер издөөдө болсо;

5) сот экспертиза дайындаганда;

6) үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүм асырап алуу иши боюнча асырандылардын жашоо шартын текшерүүнү дайындаганда;

7) ишти чечүүдө колдонулган же колдонууга жата турган мыйзамдын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө өтүнүчтү өз кароосуна кабыл алгандык жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынан билдирме алганда;

8) сот тапшырмасы жөнөтүлгөндө сот ишин жүргүзүүнү токтото тура алат;

9) мамлекеттик органдарга ченемдик укуктук актыларды түшүндүрүү боюнча расмий суроо жиберүү.

(КР 2008-жылдын 25-июлундагы № 168, 2014-жылдын 14-мартындагы № 48 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [216-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-216)  
Кийинки берене: [218-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-218)
