216-статья. Сот ишин кароону токтотууга соттун милдети
Күчүн жоготкон · 20.01.2017 редакциясы · 18-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 января 2017 года № 6.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 14 марта 2014 года № 48
Сот төмөнкү учурларда:
1) эгерде талашка түшкөн укуктук мамилелер укукту мурастоого жол берсе, иште тарап болуп саналган жаран өлгөндө же юридикалык жак кайра уюшулганда;
2) тарап аракетке жөндөмдүүлүгүн жоготкондо;
3) жоопкер Куралдуу Күчтөрдүн, Кыргыз Республикасынын башка аскерлеринин же аскердик түзүлүштөрүнүн бөлүктөрүнүн күжүрмөн аракеттерине катышып жатса же Куралдуу Күчтөрдүн, Кыргыз Республикасынын башка аскерлеринин же аскердик түзүлүштөрүнүн бөлүктөрүнүн күжүрмөн аракеттерине катышып жаткан доогердин өтүнүчү боюнча;
4) сот иши конституциялык, жарандык, жазыктык тартипте же администрациялык тартипте каралып жаткан башка иш чечилмейинче ошол ишти кароо мүмкүн болбосо;
5) сот ошол иште колдонулган же колдонууга жаткан Кыргыз Республикасынын мыйзамынын же башка ченемдик укуктук актынын Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келиши жөнүндө маселенин анык эместигин тапса же бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку соттун Конституциялык палатасына суроо-талап жөнөтсө сот ишин жүргүзүүнү токтото турат.
(КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 48 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 20.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
216-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 14 марта 2014 года № 48 "О внесении изменений и дополнений в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
14.03.2014 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…анык эместигин тапса же бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын кошулду: Жогорку соттун Конституциялык алынып салынды: сотуна кошулду: палатасына суроо-талап жөнөтсө сот ишин жүргүзүүнү токтото турат.
кошулду: (КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 48 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/12/st-216" title="216-статья - Жарандык процесстик кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>