# 209-статья. Чечимди аткарууну кийинкиге калтыруу жана мөөнөтүн узартуу, чечимди аткаруу ыкмасын жана тартибин өзгөртүү

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 17-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-209>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-209.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 209-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-209

---

1. Ишти караган сот ишке катышкан жактардын арызы боюнча тараптын мүлктүк абалына же башка жагдайларга негизденүү менен чечимди аткарууну кийинкиге калтырууга же мөөнөтүн узартууга, ошондой эле аны аткаруунун ыкмасын жана тартибин өзгөртүүгө укуктуу.

2. Көрсөтүлгөн арыздар сот отурумунда каралат. Ишке катышкан жактар отурумдун убактысы жана орду жөнүндө кабардар кылынат, бирок, алардын келбей калышы соттун алдына коюлган маселени чечүү үчүн бөгөт болуп саналбайт.

3. Чечимди аткарууну кийинкиге калтыруу же мөөнөтүн узартуу жөнүндө, аны аткаруунун ыкмасын жана тартибин өзгөртүү жөнүндө маселе боюнча соттун аныктамасына жекече даттанылышы же талап кылынышы мүмкүн.

Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы N 51-р чечими

---

Мурунку берене: [208-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-208)  
Кийинки берене: [210-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-210)
