# 208-статья. Чечимди түшүндүрүп берүү

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 17-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-208>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-208.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 208-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-208

---

1. Чечим түшүнүксүз болуп калган учурда ишти чечкен сот ишке катышкан жактардын арызы боюнча чечимдин маңызын өзгөртпөстөн түшүндүрүп берүүгө укуктуу.

2. Эгерде, чечим али аткарыла элек болсо жана ал чечим мажбурлап аткарылууга тийиш болгон мөөнөт өтө элек болсо, чечимди түшүндүрүп берүүгө жол берилет.

3. Чечимди түшүндүрүп берүү жөнүндөгү маселе сот отурумунда чечилет. Ишке катышкан жактар сот отурумунун убактысы жана орду жөнүндө кабардар кылынат, бирок, алардын келбей калышы чечимди түшүндүрүп берүү жөнүндө маселени кароо үчүн бөгөт болуп саналбайт.

4. Чечимди түшүндүрүп берүү жөнүндөгү маселе боюнча соттун аныктамасына жекече даттанылышы же талап кылынышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [207-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-207)  
Кийинки берене: [209-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-209)
