# 207-статья. Кошумча чечим

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 17-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-207>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-207.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 207-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-207

---

1. Иш боюнча чечим чыгарган сот өз демилгеси боюнча же ишке катышкан жактардын арызы боюнча же өз демилгеси боюнча төмөнкү учурларда кошумча чечим чыгарышы мүмкүн:

1) эгерде, ишке катышкан жактар көрсөткөн далилдер жана берген түшүнүктөрдө коюлган алардын кайсы бир талабы боюнча чечим чыгарылбаса;

2) эгерде сот өткөрүп берилүүгө тийиш мүлккө укук жөнүндө маселени чечүү менен ал ыйгарылган мүлктүн суммасынын өлчөмүн же жоопкер жасоого милдеттүү болгон аракетти көрсөтпөсө;

3) эгерде сот тарабынан соттук чыгымдар жөнүндө маселелер чечилбесе.

2. Кошумча чечим чыгаруу жөнүндө маселе чечим мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин коюлууга тийиш.

Кошумча чечим сот тарабынан соттук отурумда маселе каралгандан кийин чыгарылат жана ага даттанылышы мүмкүн. Ишке катышкан жактар сот отурумунун убактысы жана орду жөнүндө кабардар кылынат, бирок, алардын келбей калышы кошумча чечим чыгаруу жөнүндөгү маселени кароо жана чечүү үчүн бөгөт болуп саналбайт.

3. Кошумча чечим чыгаруудан баш тартуу жөнүндөгү соттун аныктамасына жекече даттанылышы же талап кылынышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [206-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-206)  
Кийинки берене: [208-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-208)
