# 205-статья. Жүйөөлүү чечим чыгаруу жана жарыялоо

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 17-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 августа 2004 года № 110 " О внесении изменений и дополнений в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики "](https://aqlex.ai/kg/doc/1509)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/12#diff=920725..920726>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-205>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-205.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 205-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-205

---

1. Чечим ишти териштирүү бүткөндөн кийин дароо чыгарылат.

2. Жазуу жүзүндөгү жүйөөлүү чечим чыгаруу беш күндөн ашпаган мөөнөткө кийинкиге калтырылышы мүмкүн, бирок, соттун чечими жазуу жүзүндө түзүлүшү жана чечиминин резолюциялык бөлүгү ишти териштирүү аяктаган жыйналыштын өзүндө жарыяланууга тийиш. Муну менен бир учурда сот ишке катышкан жактар жана алардын өкүлдөрү акыркы (жазуу жүзүндөгү) жүйөөлүү чечим менен тааныша ала тургандыгын жарыялоого милдетүү. Чечимдин жарыя кылынган резолюциялык бөлүгүнө ошол ишти кароого катышкан бардык судьялар кол коюуга жана ал ишке тиркелүүгө тийиш.

(КР 2004-жылдын 8-августундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [204-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-204)  
Кийинки берене: [206-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-206)
