# 203-статья. Жоопкерди кандайдыр бир белгилүү аракеттерди жасоого милдеттендирүүчү чечим

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 17-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 августа 2004 года № 110 " О внесении изменений и дополнений в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики "](https://aqlex.ai/kg/doc/1509)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/12#diff=920725..920726>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-203>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-203.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 203-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-203

---

1. Мүлктү же акча суммасын өткөрүп берүү менен байланышпаган кандайдыр бир белгилүү аракеттерди жасоого жоопкерди милдеттендирген чечим чыгарууда сот ошол эле чечимде, эгерде жоопкер белгиленген мөөнөт ичинде чечимди аткарбаса, анда доогер ал аракеттерди зарыл чыгымдарды өндүрүп алуу менен жоопкердин эсебинен жасай тургандыгы көрсөтүлөт.

2. Эгерде көрсөтүлгөн аракеттер жоопкер тарабынан гана жасалууга тийиш болсо, сот чечимде ал аткарылууга тийиш болгон мөөнөттү көрсөтөт.

3. Юридикалык жактарды же коллегиалдуу органдарды мүлктү же акча суммаларын өткөрүп берүү менен байланышпаган белгилүү бир аракеттерди жасоого (чечим кабыл алууга) милдеттендирген чечим сот тарабынан белгиленген мөөнөт ичинде алардын жетекчилери тарабынан аткарылат. Чечим аткарылбай калган учурда, чечим чыгарган сот же сот аткаруучу юридикалык жактын же коллегиалдуу органдын жетекчисине карата Кыргыз Республикасынын аткаруу иши жөнүндөгү мыйзамда каралган чараларды көрөт.

(КР 2004-жылдын 8-августундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [202-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-202)  
Кийинки берене: [204-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-204)
