203-статья. Жоопкерди кандайдыр бир белгилүү аракеттерди жасоого милдеттендирүүчү чечим
Күчүн жоготкон · 20.01.2017 редакциясы · 17-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 января 2017 года № 6.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 8 августа 2004 года № 110
1. Мүлктү же акча суммасын өткөрүп берүү менен байланышпаган кандайдыр бир белгилүү аракеттерди жасоого жоопкерди милдеттендирген чечим чыгарууда сот ошол эле чечимде, эгерде жоопкер белгиленген мөөнөт ичинде чечимди аткарбаса, анда доогер ал аракеттерди зарыл чыгымдарды өндүрүп алуу менен жоопкердин эсебинен жасай тургандыгы көрсөтүлөт.
2. Эгерде көрсөтүлгөн аракеттер жоопкер тарабынан гана жасалууга тийиш болсо, сот чечимде ал аткарылууга тийиш болгон мөөнөттү көрсөтөт.
3. Юридикалык жактарды же коллегиалдуу органдарды мүлктү же акча суммаларын өткөрүп берүү менен байланышпаган белгилүү бир аракеттерди жасоого (чечим кабыл алууга) милдеттендирген чечим сот тарабынан белгиленген мөөнөт ичинде алардын жетекчилери тарабынан аткарылат. Чечим аткарылбай калган учурда, чечим чыгарган сот же сот аткаруучу юридикалык жактын же коллегиалдуу органдын жетекчисине карата Кыргыз Республикасынын аткаруу иши жөнүндөгү мыйзамда каралган чараларды көрөт.
(КР 2004-жылдын 8-августундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 20.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
203-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 8 августа 2004 года № 110 " О внесении изменений и дополнений в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики "Редакцияларды салыштыруу
08.08.2004 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…мөөнөт ичинде алардын жетекчилери тарабынан аткарылат. Чечим алынып салынды: жүйөөлүү себептерсиз аткарылбай калган учурда, чечим чыгарган сот же сот аткаруучу … аткаруу иши жөнүндөгү мыйзамда каралган чараларды көрөт.
кошулду: (КР 2004-жылдын 8-августундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/12/st-203" title="203-статья - Жарандык процесстик кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>