# 199-статья. Чечим чыгарууда чечиле турган маселелер

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 17-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 марта 2014 года № 48 "О внесении изменений и дополнений в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205270)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/12#diff=920743..920744>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-199>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-199.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 199-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-199

---

1. Чечим чыгарууда сот:

- далилдерге баа берет;

- иш үчүн мааниси бар кандай жагдайлар белгиленгендигин жана эмнелер белгиленбегендигин аныктайт;

- ишке катышып жаткан жактардын укуктук мамилелери кандай экендигин аныктайт;

- ошол иш боюнча кандай мыйзам же кандай башка ченемдик-укуктук акт колдонулууга тийиш экендигин чечет;

- доо канааттандырууга жатып-жатпасын чечет;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка маселелерди чечет.

2. Эгерде мыйзамда башкача каралбаса, сот ишти доогер тарабынан берилген талаптардын чектеринде чечет.

3. Сот иш үчүн мааниси бар жаңы жагдайларды аныктоону же далилдерди кошумча иликтөөнү зарыл деп табуу менен ишти маңызы боюнча кароону кайра баштоо жөнүндө аныктама чыгарат. Иш маңызы боюнча каралып бүткөндөн кийин сот кайрадан соттук жарыш сөздөрдү угат.

(КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 48 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [198-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-198)  
Кийинки берене: [200-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-200)
