# 19-статья. Прокурордон, эксперттен, адистен, тилмечтен, сот отурумунун катчысынан баш тартуу үчүн негиздер

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 2-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 марта 2014 года № 48 "О внесении изменений и дополнений в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205270)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 14.03.2014 [Закон КР от 14 марта 2014 года № 48 "О внесении изменений и дополнений в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205270); 08.08.2004 [Закон КР от 8 августа 2004 года № 110 " О внесении изменений и дополнений в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики "](https://aqlex.ai/kg/doc/1509)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/12#diff=920743..920744>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 19-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-19

---

1. Ушул Кодекстин 17-статьясында көрсөтүлгөн баш тартуу үчүн негиздер экспертке, адиске, тилмечке, сот отурумунун катчысына карата да колдонулат.

Мындан тышкары эксперт же адис:

1) эгерде алар ишке катышкан жактардын же алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн бирөөнө кызмат жагынан же башкача түрдө мурда же азыр көз каранды болсо;

2) эгерде алар материалдары сотко кайрылуу үчүн негиз болууга же бул ишти кароодо колдонулууга кызмат кыла тургандай текшерүү жүргүзүшсө;

3) алардын компетенттүү эместиги аныкталган учурда, ишти кароого катыша албайт.

2. Эксперттин, адистин, тилмечтин жана сот отурумунун катчысынын ушул эле иштин мурдагы каралашында тиешелүү түрдө эксперт, адис, тилмеч, сот отурумунун катчысы катары катышышы алардан баш тартуу үчүн негиз болуп эсептелбейт.

3. Ушул кодекстин 17-статьясынын 1-пунктунун 1-3-пунктчаларында көрсөтүлгөн баш тартуу үчүн негиздер прокурорго да жайылтылат. Мында бул ишти прокурор катары мурдагы кароого прокурордун катышканы баш тартуу үчүн негиз болуп саналбайт.

(КР 2004-жылдын 8-августундагы № 110, 2014-жылдын 14-мартындагы № 48 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-18)  
Кийинки берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-20)
