# 188-статья. Эксперттин корутундусун иликтөө

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 16-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-188>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-188.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 188-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-188

---

1. Эксперттин корутундусу сот отурумунда жарыя кылынат. Түшүндүрүп берүү жана корутундуну толуктоо максатында экспертке суроо берилиши мүмкүн.

2. Биринчи болуп арызы боюнча эксперт дайындалган жак жана анын өкүлү суроо берет, андан кийин ишке катышкан башка жактар жана алардын өкүлдөрү беришет. Соттун демилгеси боюнча дайындалган экспертке биринчи болуп доогер жана анын өкүлү суроо берет.

3. Сот экспертке аны суракка алуунун бардык учурунда суроо берүүгө укуктуу.

4. Эксперттин корутундусу сот отурумунда иликтенет жана башка далилдер менен катар эле сот тарабынан бааланат жана сот үчүн күн мурунтан белгиленген күчкө ээ эмес. Эксперттин корутундусуна соттун макул эместигинин жүйөөсү иш боюнча чечимде же кошумча жана кайталап экспертиза дайындоо жөнүндө аныктамада көрсөтүлүшү керек.

---

Мурунку берене: [187-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-187)  
Кийинки берене: [189-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-189)
