# 187-статья. Жалган далил жөнүндө арыз

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 16-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-187>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-187.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 187-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-187

---

1. Иштеги далилдер жалган экендиги жөнүндөгү арыз түшкөн учурда андай далилди берген жак соттон аны далилдердин катарынан чыгарып жана ишти башка далилдердин негизинде чечүүнү өтүнө алат.

2. Далилдин жалгандыгы жөнүндөгү арызды текшерүү үчүн сот экспертиза дайындап, ошондой эле тараптарга башка далилдерди көрсөтүүнү сунуш кыла алат.

3. Эгер сот далилдер жалган деген тыянакка келсе, анда ал далилдердин катарынан чыгарылат. Зарыл болгон учурда атайылап жалган далил сунуш кылган жакка тийиштүү чара көрүү үчүн материалды прокуратура органдарына жиберет.

---

Мурунку берене: [186-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-186)  
Кийинки берене: [188-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-188)
