# 186-статья. Жазылган үндү, көрмө жазууну угузуп-көрсөтүү жана аларды иликтөө

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 16-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-186>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-186.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 186-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-186

---

1. Жекече мүнөздөгү жазылган үндү же көрмө жазууну угузуп-көрсөтүүдө, ошондой эле аларды изилдөөдө ушул Кодекстин 183-статьясында каралган эрежелер колдонулат.

2. Жазылган үндү, көрмө жазууну угузуп-көрсөтүү соттун отурум залында же бул максат үчүн атайын жабдылган жерде материалдын айырмалоочу белгилерин сот отурумунун протоколуна чагылдыруу жана алар көрсөтүлгөн убакытты белгилөө менен жүргүзүлөт. Андан кийин сот ишке катышкан жактардын түшүнүктөрүн угат. Зарыл болгон учурда жазылган үндү угузуу жана көрмөжазууну көрсөтүү толугу менен же анын кайсы бир бөлүгү кайра кайталанышы мүмкүн.

3. Үн жана көрмөжазууларда камтылган маалыматтарды аныктоо максатында сот адис чакырып, ошондой эле экспертиза дайындай алат.

---

Мурунку берене: [185-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-185)  
Кийинки берене: [187-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-187)
