# 185-статья. Жерине барып кароо

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 16-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-185>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-185.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 185-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-185

---

1. Сотко алып келүү кыйын болгон же мүмкүн болбогон жазуу жүзүндөгү жана буюм далилдер алар турган жерде каралат жана иликтенет.

2. Жерине барып кароонун убактысы жана орду жөнүндө ишке катышып жаткан жактар, алардын өкүлдөрү кабардар кылынат, бирок, алардын келбей калышы карап чыгууга бөгөт болуп саналбайт. Зарыл болгон учурда эксперттер, адистер жана күбөлөр чакыртылат.

3. Карап чыгуунун натыйжасы сот отурумунун протоколуна киргизилет. Протоколго карап чыгууда түзүлгөн же текшерилген пландар, документтердин чиймелери, эсептер, көчүрмөлөрү, ошондой эле карап чыгуу учурунда жасалган жазуу жүзүндөгү жана буюм далилдердин көрмө жазуулары, сүрөттөрү, ошондой эле эксперттин жазуу жүзүндөгү корутундусу жана адистин түшүндүрмөсү тиркелет.

---

Мурунку берене: [184-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-184)  
Кийинки берене: [186-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-186)
