# 184-статья. Буюм далилдерди иликтөө

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 16-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-184>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-184.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 184-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-184

---

1. Буюм далилдер сот тарабынан каралат жана ишке катышкан жактага, алардын өкүлдөрүнө, ал эми зарыл болгон учурда - эксперттерге, адистерге жана күбөлөргө берилет.

2. Буюм далилдер көрсөтүлгөн жактар карап чыгуудагы тигил же бул жагдайга соттун көңүлүн бура алат. Алардын билдирүүлөрү сот отурумунун протоколуна киргизилет.

3. Ушул Кодекстин 66, 68, 84-статьяларында жана 150-статьясынын 9-пунктчасында каралган тартипте түзүлгөн буюм далилдин протоколу сот отурумунда жарыя кылынат, андан кийин ишке катышкан жактар ал боюнча түшүнүк бере алат.

---

Мурунку берене: [183-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-183)  
Кийинки берене: [185-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-185)
