# 180-статья. Жашы жете элек күбөнү суракка алуу

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 16-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-180>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-180.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 180-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-180

---

1. Он төрт жашка чейинки курактагы күбөнү суракка алуу, ал эми соттун көз карашы боюнча он төрт жаштан он алты жашка чейинки күбөлөрдү суракка алуу сотко чакырылган педагогдун катышуусу менен жүргүзүлөт. Зарыл болгон учурда алардын ата-энелери, асырап алгандары, жашы жете элек күбөгө камкордук көрүүчү же көзөмөл кылуучулар чакыртылат. Аталган адамдар төрагалык кылуучунун уруксаты менен күбөгө суроо бере алат, ошондой эле күбөнүн жеке өзүнө жана ал берген көрсөтмөлөрүнүн мазмунуна тиешелүү өз пикирин билдире алат.

2. Иштин жагдайын аныктоо үчүн зарыл болгон өзгөчө учурларда, жашы жете элек күбөнү суракка алуу учурунда сот тарабынан отурум залынан соттун аныктамасы боюнча ишке катышкан тигил же бул жак чыгарылышы мүмкүн. Ал жак отурум залына кайтып келгенден кийин ага жашы жете элек күбөнүн көрсөтмөлөрү билдирилүүгө тийиш жана ага күбөгө суроо берүү мүмкүнчүлүгү берилет.

3. Сот ал күбөнүн отурум залында калышы зарыл деп табылгандан башка учурларда он алты жашка чыга элек күбө сурак бүткөндөн кийин соттун отурум залынан чыгарылат.

---

Мурунку берене: [179-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-179)  
Кийинки берене: [181-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-181)
