# 178-статья. Күбөнү суракка алуу тартиби

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 16-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-178>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-178.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 178-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-178

---

1. Ар бир күбө өзүнчө суракка алынат.

2. Төрагалык кылуучу күбөнүн ишке катышып жаткан жактарга мамилесин тактайт жана күбөгө иштин жагдайы жөнүндө ага жеке белгилүү болгондордун бардыгын айтып берүүнү сунуш кылат.

3. Андан кийин күбөгө суроо берилиши мүмкүн. Биринчи болуп арызы боюнча күбө чакырылган жак жана анын өкүлү, андан кийин ишке катышкан башка жактар жана алардын өкүлдөрү суроо беришет.

Судья күбөгө ал суракка алынып жаткан бардык учурда суроо берүүгө укуктуу.

4. Зарылчылык болгон учурда сот ошол же кийинки отурумда күбөнү кайталап суракка ала алат, ошондой эле күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүндөгү карама-каршылыктарды аныктоо үчүн аларды беттештире алат.

5. Көрсөтмө бере элек күбөлөр ишти териштирүү учурунда соттун отурум залында боло албайт. Сурак берген күбө эгерде сот ага эртерээк кетүүгө уруксат бербесе, ишти териштирүү аяктаганга чейин соттун отурум залында калат.

---

Мурунку берене: [177-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-177)  
Кийинки берене: [179-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-179)
