# 177-статья. Күбөгө көрсөтмө берүүдөн баш тартуу жана атайылап жалган көрсөтмө бергендиги үчүн жоопкерчилик жөнүндө эскертүү

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 16-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-177>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-177.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 177-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-177

---

1. Күбөнү суракка алууга чейин төрагалык кылуучу күбөнүн ким экендигин аныктайт, анын милдеттерин жана укуктарын түшүндүрөт жана көрсөтмө берүүдөн баш тарткандыгы үчүн жоопкерчилигин эскертет. Күбөгө милдеттери жана жоопкерчилиги түшүндүрүлгөндүгү жөнүндө колкат алынат. Колкат соттук отурумдун протоколуна тиркелет.

2. Он алты жашка чыга элек күбөгө төрагалык кылуучу иш боюнча ага белгилүү бардык нерселерди так айтып берүүгө милдеттүү экендигин түшүндүрөт, бирок көрсөтмө берүүдөн баш тарткандыгы жана атайылап жалган көрсөтмө бергендиги үчүн жоопкерчилик жөнүндө ага эскертилбейт.

---

Мурунку берене: [176-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-176)  
Кийинки берене: [178-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-178)
