# 175-статья. Ишке катышкан жактардын түшүнүктөрү

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 16-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-175>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-175.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 175-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-175

---

1. Ишти баяндагандан кийин сот доогердин жана ишке анын тарабында катышкан үчүнчү жактын, ошондой эле ишке катышкан башка жактардын түшүнүктөрүн угат. Прокурор, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, башка жактардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам менен корголуучу таламдарын коргоо үчүн сотко кайрылган юридикалык жактар, жарандар биринчи болуп түшүнүк беришет. Ишке катышып жаткан жактар бири-бирине суроо берүүгө укуктуу. Судья ишке катышкан жактарга алар сүйлөп жаткан бардык учурда суроо берүүгө укуктуу.

2. Ишке катышкан жактардын жазуу жүзүндөгү түшүнүктөрү, ошондой эле сот тарабынан ушул Кодекстин 66- жана 68-статьяларында каралган тартипте алынган түшүнүктөрү төрагалык кылуучу тарабынан окулуп берилет.

---

Мурунку берене: [174-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-174)  
Кийинки берене: [176-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-176)
