# 174-статья. Доогердин доодон баш тартышы, жоопкердин доону мойнуна алышы жана тараптардын тынышуу макулдашуусу

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 16-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 августа 2004 года № 110 " О внесении изменений и дополнений в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики "](https://aqlex.ai/kg/doc/1509)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/12#diff=920725..920726>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-174>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-174.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 174-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-174

---

1. Доогердин доодон баш тартышы жөнүндөгү арызы, жоопкердин доону моюнга алышы же тараптардын тынышуу макулдашуу шарты сот отурумунун протоколуна киргизилет жана ага тийиштүү түрдө доогер, жоопкер же эки тараптан тең кол коюшат. Эгерде, доодон баш тартуу, жоопкердин доону моюнга алышы же тараптардын тынышуу макулдашуусу сотко жазуу жүзүндө берилген болсо, анда бул арыздар ишке тиркелет, бул туурасында сот отурумунун протоколунда көрсөтүлөт.

2. Доодон баш тартууну же доону моюнга алууну же тараптардын тынышуу макулдашуусун ырастоодон мурда сот доогерге, жоопкерге же тараптарга тийиштүү процесстик аракеттердин натыйжалары жөнүндө түшүндүрөт.

3. Доодон баш тартууну же тараптардын тынышуу , макулдашуусун ырастоону кабыл алуу жөнүндө сот аныктама чыгарат, муну менен бир учурда эле иш боюнча сот иши токтотулат. Аныктамада тараптардын тынышуу макулдашуусунун сот тарабынан бекитилген шарты көрсөтүлүүгө тийиш.

4. Жоопкер доону моюнга алган жана сот аны кабыл алган учурда талаптардын канааттандырылгандыгы жөнүндө чечим чыгарылат.

5. Сот жоопкердин доону моюнга алышын кабыл албаган же ушул Кодекстин 41-статьясынын 4-пунктунда көрсөтүлгөн себептер боюнча тынышуу макулдашуусун бекитпеген учурда, сот бул туурасында аныктама чыгарат жана ишти маңызы боюнча кароону улантат.

6. Ыктыярдуу түрдө аткарылбаган жарашуу макулдашуусу таламдаш тараптын арызы боюнча сот тарабынан берилген аткаруу баракчасынын негизинде мажбурлап аткартылат.

(КР 2004-жылдын 8-августундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [173-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-173)  
Кийинки берене: [175-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-175)
