# 170-статья. Ишти териштирүүнү кийинкиге калтыруу

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 16-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-170>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-170.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 170-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-170

---

1. Ишти териштирүүнү кийинкиге калтыруу ушул Кодексте каралган учурларда, ошондой эле эгерде сот ушул соттук отурумда ишти кароону процесстин катышуучуларынын кимдир бирөө келбей калгандыгына, утурлама доо коюлгандыгына, кошумча далилдерди көрсөтүү же талап кылуу зарылчылыгына, ишке катышуу үчүн башка жактарды тартууга жана процесстик кандайдыр бир иштерди жүргүзүү зарыл болгон башка учурларга байланыштуу мүмкүн эмес деп эсептегенде гана жол берилет.

2. Ишти териштирүүнү кийинкиге калтырууда кийинки сот отурумунда ишти чечүүнү камсыз кылууга мүмкүндүк берүүчү убакытты эске алуу менен кийинки сот отурумунун күнү дайындалат, бул жөнүндө келген адамдарга кол койдуруп алуу менен жарыя кылынат. Келбей калган жана процесске катышууга жаңыдан тартылган адамдарга кийинки соттук отурумдун убактысы жана орду жөнүндө билдирме жөнөтүлөт.

3. Кийинкиге калтырылгандан кийин ишти териштирүү кайра башынан башталат.

---

Мурунку берене: [169-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-169)  
Кийинки берене: [171-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-171)
