# 17-статья. Судьядан баш тартуу

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 2-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 августа 2004 года № 110 " О внесении изменений и дополнений в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики "](https://aqlex.ai/kg/doc/1509)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/12#diff=920725..920726>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 17-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-17

---

1. Судья:

1) эгерде ал ишке катышкан жактардын же алардын өкүлдөрүнүн биринин тууганы болсо;

2) эгерде ал жеке өзү, түздөн-түз же кыйыр түрдө иштин натыйжасына таламдаш болсо же анын калыс экендигине күмөн туудурган башка жагдайлар болсо;

3) эгерде ал иштин мурдагы каралышында прокурор, эксперт, адис, тилмеч, өкүл, сот отурумунун катчысы катары катышса, ишти карай албайт жана андан баш тартылууга тийиш.

2. Ишти карап жаткан соттун курамына өз ара тууганчылыгы бар адамдардын кириши мүмкүн эмес.

(КР 2004-жылдын 8-августундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-16)  
Кийинки берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-18)
