# 169-статья. Сот отурумуна күбөлөрдүн, эксперттердин, адистердин келбей калышынын кесепеттери

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 16-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-169>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-169.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 169-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-169

---

1. Сот отурумуна күбөлөр, эксперттер же адистер келбей калган учурда, сот процесстин катышуучулары келбей калса да карай берүү мүмкүнчүлүгү жөнүндөгү ишке катышкан жактардын пикирин угат жана соттук териштирүүнү улантуу же аны кийинкиге калтыруу жөнүндө аныктама чыгарат.

2. Эгерде, чакыртылган күбө, эксперт же адис сот отурумуна сот тарабынан жүйөөсүз деп табылган себептер боюнча келбей калса, ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот тарабынан администрациялык жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.

Күбө экинчи жолу чакырууга жүйөөлүү себепсиз келбей койсо, ал мажбурлап алып келинет, бул жөнүндө сот аныктама чыгарат.

---

Мурунку берене: [168-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-168)  
Кийинки берене: [170-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-170)
