169-статья. Сот отурумуна күбөлөрдүн, эксперттердин, адистердин келбей калышынын кесепеттери
Күчүн жоготкон · 20.01.2017 редакциясы · 16-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 января 2017 года № 6.
1. Сот отурумуна күбөлөр, эксперттер же адистер келбей калган учурда, сот процесстин катышуучулары келбей калса да карай берүү мүмкүнчүлүгү жөнүндөгү ишке катышкан жактардын пикирин угат жана соттук териштирүүнү улантуу же аны кийинкиге калтыруу жөнүндө аныктама чыгарат.
2. Эгерде, чакыртылган күбө, эксперт же адис сот отурумуна сот тарабынан жүйөөсүз деп табылган себептер боюнча келбей калса, ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот тарабынан администрациялык жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.
Күбө экинчи жолу чакырууга жүйөөлүү себепсиз келбей койсо, ал мажбурлап алып келинет, бул жөнүндө сот аныктама чыгарат.
Берененин тексти 20.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
169-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин 2004-жылдын 7-июлундагы № 106 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын нотариустары тарабынан нотариалдык аракеттерди жүргүзүү…Инструкция · 07.07.2004 · № 106 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/12/st-169" title="169-статья - Жарандык процесстик кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>