# 163-статья. Тилмечке анын милдеттерин түшүндүрүү

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 16-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-163>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-163.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 163-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-163

---

1. Төрагалык кылуучу тилмечке сот иши жүргүзүлүп жаткан тилди билбеген адамдардын түшүндүрмөлөрүн, көрсөтмөлөрүн, арыздарын, ал эми ал адамдарга ишке катышып жаткан адамдардын жана күбөлөрдүн түшүндүрмөлөрүн, көрсөтмөлөрүн, арыздарын, жарыя кылынган жана ишке тиркелген документтерди, үн жазууларды, эксперттердин корутундуларын, адистердин консультация жана түшүндүрмөлөрүн, ошондой эле төрагалык кылуучунун буйруктарын, соттун аныктамасын жана чечимдерин которуп берүү милдетин түшүндүрөт.

2. Төрагалык кылуучу атайылап туура эмес которгондугу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазык жоопкерчилиги жөнүндө тилмечти эскертет. Тилмечтин бул тууралу колкаты сот отурумунун протоколуна тиркелет.

Тилмечти сотко келбеген же өз милдеттерин аткарбаган учурда ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык администрациялык жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.

3. Ушул статьянын эрежелери дудук же дүлөйлөрдүн белгилерин түшүнгөндөргө (сурдо котормочу) жана ишти териштирүүгө катышуу үчүн чакырылган адамдарга да жайылтылат.

---

Мурунку берене: [162-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-162)  
Кийинки берене: [164-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-164)
