# 160-статья. Сот отурумдагы тартипти бузуучуларга карата көрүлүүчү чаралар

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 16-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-160>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-160.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 160-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-160

---

1. Ишти териштирүү учурундагы тартипти бузган адамдарга карата төрагалык кылуучу соттун атынан эскертүү жасайт.

2. Тартип кайталап бузулган учурда процесстин катышуучусу соттун аныктамасы боюнча соттук териштирүүнүн бүткүл убактысында же анын бир бөлүгүндө соттун отурум залынан чыгарылышы мүмкүн. Кийинки учурда төрагалык кылуучу отурумдар залына кайра киргизилген адамга ал жок кезде жүргүзүлгөн процесстик иштерди тааныштырат. Ишти териштирүүгө катышкан жарандар тартипти кайталап бузгандыгы үчүн төрагалык кылуучунун буйругу менен залдан чыгарылат.

3. Сот Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот отурумундагы тартипти бузууга күнөөлүү адамдарды администрациялык жоопкерчиликке тартууга укуктуу.

4. Эгерде сот отурумундагы тартип бузуучунун аракетинде кылмыштын белгилери бар болсо, сот материалдарды тийиштүү прокурорго жиберет.

5. Ишти териштирүүгө катышкан жарандар тарабынан тартип жапырт бузулган учурда сот ишке катышып жаткан бардык жарандарды сот отурум залынан чыгарат, ишти териштирүүнү кийинкиге калтырат.

---

Мурунку берене: [159-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-159)  
Кийинки берене: [161-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-161)
