# 158-статья. Соттук териштирүүнүн тикелей жана оозеки жүргүзүлүшү

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 16-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-158>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-158.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 158-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-158

---

1. Сот ишти маңызы боюнча кароодо иш боюнча далилдерди тикелей изилдөөгө: тараптардын жана үчүнчү жактардын түшүнүктөрүн, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн, эксперттердин корутундуларын угууга, жазуу жүзүндөгү далилдер менен таанышууга жана буюм далилдерди кароого, үн жана көрмө жазууларды көрүүгө милдеттүү.

2. Иш боюнча далилдерди изилдөөдө сот зарыл учурларда адистердин консультациясын жана түшүндүрмөлөрүн угат.

3. Ишти териштирүү оозеки жана соттордун курамын өзгөртүүсүз жүргүзүлөт. Эгерде ишти кароо учурунда судьялардын бири алмашылса, териштирүү кайра башынан башталууга тийиш.

---

Мурунку берене: [157-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-157)  
Кийинки берене: [159-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-159)
