# 155-статья. Жарандык иштерди карап чыгуу жана чечүү мөөнөтү

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 16-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 мая 2016 года № 63 "О внесении изменения в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111342)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 18.05.2016 [Закон КР от 18 мая 2016 года № 63 "О внесении изменения в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111342); 08.08.2004 [Закон КР от 8 августа 2004 года № 110 " О внесении изменений и дополнений в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики "](https://aqlex.ai/kg/doc/1509)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/12#diff=920745..920746>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-155>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-155.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 155-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-155

---

1. Ушул Кодекстин 134 жана 148-статьяларында көрсөтүлгөн убакытты кошпогондо, жарандык иштер арыз сотко келип түшкөн учурдан тартып эки айга чейинки мөөнөттө каралат жана чечилет.

2. Жумушка кайрадан орношуу жөнүндө иштер, алиментти өндүрүү жөнүндө жана мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук бирикмелердин жана кызмат адамдарынын чечимдерин, иш-аракеттерин (аракетсиздигин) талашып-тартышуу жөнүндө иштер, ошондой эле жер участогун коомдук муктаждыктар үчүн алып коюу (сатып алуу) жөнүндө же сатып алуу баасын белгилөө жөнүндө доолор боюнча иштер, ушул Кодекстин 134-статьясында көрсөтүлгөн убакытты кошпогондо, бир айга чейинки мөөнөттө каралат жана чечилет.

Жаранды психиатриялык стационарга мажбурлап жаткыруу жөнүндөгү иштер иш козголгон күндөн тартып беш күндөн кечиктирилбестен сот тарабынан каралат жана чечилет.

3. Ушул Кодексте жана мыйзамдарда жарандык иштердин айрым категорияларын карап чыгуунун жана чечүүнүн кыскартылган мөөнөттөрү белгилениши мүмкүн.

(КР 2004-жылдын 8-августундагы № 110, 2016-жылдын 18-майындагы № 63 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [154-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-154)  
Кийинки берене: [156-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-156)
