155-статья. Жарандык иштерди карап чыгуу жана чечүү мөөнөтү
Күчүн жоготкон · 20.01.2017 редакциясы · 16-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 января 2017 года № 6.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 18 мая 2016 года № 63
1. Ушул Кодекстин 134 жана 148-статьяларында көрсөтүлгөн убакытты кошпогондо, жарандык иштер арыз сотко келип түшкөн учурдан тартып эки айга чейинки мөөнөттө каралат жана чечилет.
2. Жумушка кайрадан орношуу жөнүндө иштер, алиментти өндүрүү жөнүндө жана мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук бирикмелердин жана кызмат адамдарынын чечимдерин, иш-аракеттерин (аракетсиздигин) талашып-тартышуу жөнүндө иштер, ошондой эле жер участогун коомдук муктаждыктар үчүн алып коюу (сатып алуу) жөнүндө же сатып алуу баасын белгилөө жөнүндө доолор боюнча иштер, ушул Кодекстин 134-статьясында көрсөтүлгөн убакытты кошпогондо, бир айга чейинки мөөнөттө каралат жана чечилет.
Жаранды психиатриялык стационарга мажбурлап жаткыруу жөнүндөгү иштер иш козголгон күндөн тартып беш күндөн кечиктирилбестен сот тарабынан каралат жана чечилет.
3. Ушул Кодексте жана мыйзамдарда жарандык иштердин айрым категорияларын карап чыгуунун жана чечүүнүн кыскартылган мөөнөттөрү белгилениши мүмкүн.
(КР 2004-жылдын 8-августундагы № 110, 2016-жылдын 18-майындагы № 63 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 20.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
155-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 18 мая 2016 года № 63 "О внесении изменения в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 8 августа 2004 года № 110 " О внесении изменений и дополнений в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики "Редакцияларды салыштыруу
18.05.2016 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…иш-аракеттерин (аракетсиздигин) талашып-тартышуу жөнүндө иштер, кошулду: ошондой эле жер участогун коомдук муктаждыктар үчүн алып коюу (сатып алуу) жөнүндө же сатып алуу баасын белгилөө жөнүндө доолор боюнча иштер, ушул Кодекстин 134-статьясында көрсөтүлгөн убакытты кошпогондо, бир … мөөнөттөрү белгилениши мүмкүн.
(КР 2004-жылдын 8-августундагы № алынып салынды: 110 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 110, 2016-жылдын 18-майындагы № 63 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/12/st-155" title="155-статья - Жарандык процесстик кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>