# 154-статья. Иш боюнча иш жүргүзүүнү токтото туруу, токтотуу жана ишти соттук териштирүүгө даярдоодо арызды карап чыкпастан калтыруу

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 15-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-154>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-154.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 154-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-154

---

Ушул Кодекстин 216, 217-статьяларында, 221-статьясынын 1-8-пунктчаларында жана 223-статьясынын 1-4, 8, 9-пунктчаларында каралган жагдай болгон учурда, иш боюнча кароо аны соттук териштирүүгө даярдоодо токтотула турушу, токтотулушу мүмкүн же арыз каралбастан калтырылышы мүмкүн. Доодон баш тартууга же тынышуу макулдашуусун бекитүүгө байланыштуу иш боюнча ишти токтотуу жөнүндө аныктама чыгаруу менен байланышкан процесстик иш-аракеттер протоколго жазылат, ал эми доодон баш тартуу же тынышуу макулдашуусу жөнүндө арыз ишке тиркелет. Тараптарга мындай процесстик иш-аракеттин натыйжасы түшүндүрүлөт.

---

Мурунку берене: [153-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-153)  
Кийинки берене: [155-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-155)
