# 152-статья. Бир нече доо талаптарын бириктирүү же бөлүү

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 15-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-152>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-152.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 152-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-152

---

1. Доогер өз ара байланыштуу бир нече талаптарды бир доо арызына бириктирүүгө укуктуу.

2. Эгерде талаптарды өз өзүнчө карап чыгууну максатка ылайык деп тапса, судья талаптардын бириктирилген бир же бир нечесин өзүнчө иш жүргүзүүгө бөлүп алат.

Талаптар бир нече доогер тарабынан же бир нече жоопкерге карата коюлган учурда, эгерде талаптарды өз өзүнчө карап чыгууну максатка ылайык деп тапса, судья талаптардын бир же бир нечесин өзүнчө иш жүргүзүүгө бөлүүгө укуктуу.

3. Судья бул соттун иш жүргүзүүсүндө бир эле тараптар катышкан бир түрдүү бир нече иш же бир доогердин ар кандай жоопкерлерге карата же ар кандай доогерлердин бир эле жоопкерге карата доолору боюнча бир нече иши бар экендигин аныктап, эгерде бул иштерди бирге карап чыгуу үчүн бир иш жүргүзүүгө бириктирүү талаштарды кыйла тез жана туура карап чыгууга алып келсе, аларды бириктирүүгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [151-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-151)  
Кийинки берене: [153-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-153)
