# 146-статья. Доону камсыздоо маселелери боюнча аныктамаларга даттануу

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 14-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 декабря 2013 года № 217 "О внесении изменений и дополнений в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики "](https://aqlex.ai/kg/doc/205091)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/12#diff=920742..920743>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-146>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-146.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 146-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-146

---

1. Доону камсыздоо маселелери боюнча бардык аныктамаларга жекече даттануу же сунуш берилиши мүмкүн.

2. Эгерде доону камсыздоо жөнүндө аныктама даттанууну, сунушту берген жакка кабарлабастан чыгарылса, даттанууну, сунушту берүү үчүн мөөнөт ага ушул аныктама белгилүү болгон күндөн тартып эсептелет.

3. Доону камсыздоо жөнүндө аныктамага жекече даттанууну же сунушту берүү бул аныктаманы аткарууну токтотпойт.

4. Доону камсыздоону алып салуу жөнүндө же доону камсыздоонун кылуунун бир түрүн башкасы менен алмаштыруу жөнүндө аныктамага жекече даттанууну же сунушту берүү аныктаманы аткарууну токтотпойт.

5. Бейтарап териштирүү тарабынын арызынын негизинде чыгарылган доону камсыз кылуу маселелери боюнча соттун аныктамасына даттанылган учурда, сот бейтарап соттон иштин материалдарынын талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн, жеке арызды кароо үчүн зарыл болгон материалдарды гана талап кылышы мүмкүн.

(КР 2013-жылдын 11-декабрындагы № 217 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [145-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-145)  
Кийинки берене: [147-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-147)
