# 137-статья. Доо арызын кыймылсыз калтыруу

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 13-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 августа 2004 года № 110 " О внесении изменений и дополнений в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики "](https://aqlex.ai/kg/doc/1509)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/12#diff=920725..920726>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-137>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-137.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 137-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-137

---

1. Сот доо арызы сотко ушул Кодекстин 132-статьясында жана 133-статьясынын 1-5-пунктчаларында баяндалган талаптарды сактабастан берилгендигин белгилеген соң, арызды карабай коюу жөнүндө аныктама чыгарат, бул жөнүндө доо арызын берген адамга гана кабарлайт жана ага кемчиликтерди оңдоо үчүн мөөнөт берет.

Бул статьянын талаптары администрациялык жана экономикалык иштер боюнча жарандык сот ишин жүргүзүүгө жайылтылбайт.

2. Эгерде доогер соттун көрсөтмөлөрүнө ылайык жана сот белгилеген мөөнөттө аныктамада көрсөтүлгөн талаптарды аткарса, доо арызы сотко алгачкы жолу коюлган күнү берилди деп эсептелет. Андай болбогон учурда арыз берилген жок деп эсептелет жана ага тиркелген бардык документтер менен бирдикте доогерге кайра кайтарылат.

(КР 2004-жылдын 8-августундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [136-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-136)  
Кийинки берене: [138-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-138)
