# 133-статья. Доо арызына тиркелүүчү документтер

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 13-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 июля 2008 года № 168 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202379)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/12#diff=920732..920733>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-133>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-133.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 133-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-133

---

Доо арызына:

1) доо арызынын көчүрмөсү, ошондой эле жоопкерлердин жана үчүнчү жактардын саны боюнча ушул статьянын 2-5-пунктчаларында саналган документтер;

2) (КР 2008-жылдын 25-июлундагы № 168 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

3) ишеним кат же доо арызына кол коюуга жана доо коюуга өкүлдүн ыйгарым укуктарын күбөлөгөн документ;

4) доогер өз талаптарын негиздеген жагдайды ырастаган документтер;

5) жарыяланган ченемдик укуктук акт талашка түшкөн учурда анын тексти;

6) сот чыгымдарын төлөө мөөнөтүн кийинкиге калтыруу, мөөнөтүн бөлүп-бөлүп берүү, төлөөдөн бошотуу же алардын өлчөмүн азайтуу жөнүндө, доону камсыз кылуу, далилдерди талап кылуу жана эгерде арызда баяндалбаса башкаларды талап кылуу жөнүндө жазуу жүзүндө баяндалган өтүнүч тиркелет.

(КР 2008-жылдын 25-июлундагы № 168 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [132-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-132)  
Кийинки берене: [134-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-134)
