# 132-статья. Доо арызынын формасы жана мазмуну

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 13-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-132>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-132.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 132-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-132

---

1. Доо арызы сотко жазуу жүзүндө берилет.

2. Арызда:

1) арыз берилген соттун аталышы;

2) доогердин аталышы, анын жашаган жери жана, эгерде доогер юридикалык жак болуп саналса, анын турган жери, ошондой эле, эгерде арызды анын өкүлү берсе, өкүлдүн аталышы жана анын дареги;

3) жоопкердин аталышы, анын жашаган жери же, эгерде жоопкер юридикалык жак болуп саналса, анын турган жери;

4) доогердин талабы;

5) доогер өз талаптарын негиздеген кырдаал жана бул кырдаалды ырастаган далилдер;

6) эгерде доо бааланууга тийиш болсо, доонун баасы;

7) арызга тиркелүүчү документтердин тизмеси көрсөтүлүүгө тийиш.

Арызда талашты чечүү үчүн маңызы бар башка маалыматтар да көрсөтүлүшү, ошондой эле доогердин өтүнүчү баяндалышы мүмкүн.

3. Мамлекеттик же коомдук таламдарда прокурор, башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка органдар койгон арызда мамлекеттик же коомдук талам эмнеде экендигинин негиздемеси, кандай укук бузулгандыгы, ошондой эле мыйзамга же башка укуктук актыга шилтеме камтылууга тийиш. Арыз аракетке жөндөмсүз адамдын таламдарында берилгенден башка учурларда, прокурор, башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка органдар жарандын таламында доо койгон учурда, анда доону жарандын өзү кое албастыгынын негиздемеси камтылууга тийиш жана сотко арыз берүүгө макулдукту ырастаган документ тиркелүүгө тийиш.

4. Арызга доогер же кол коюуга жана арыз берүүгө ыйгарым укугу бар анын өкүлү кол коет.

---

Мурунку берене: [131-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-131)  
Кийинки берене: [133-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-133)
