# 123-статья. Соттук чакыруу каты жана кабарлоо

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 11-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-123>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-123.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 123-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-123

---

1. Ишке катышып жаткан адамдар соттук жыйналыштын же айрым процесстик иш-аракеттерди жасоо убактысы жана орду жөнүндө соттун чакыруу

каты менен кабарландырылат. Соттун чакыруу каты менен сотко күбөлөр, эксперттер, адистер жана тилмечтер да чакырылат.

2. Ишке катышкан адамдарга чакыруу каты алар ишке даярданышы жана сотко өз учурунда келиши үчүн жетиштүү убактысы болгудай эсеп менен тапшырылууга тийиш.

3. Чакыруу тарап же ишке катышкан башка жак көрсөткөн дарекке жеткирилет. Эгерде жаран сотко билдирген даректе жашабаса, чакыруу каты анын иштеген жерине жөнөтүлүшү мүмкүн. Юридикалык жактарга багытталган чакыруу каты ал орган турган жерге жөнөтүлөт.

4. Зарыл учурларда ишке катышкан адамдар, ошондой эле күбөлөр, эксперттер, адистер жана тилмечтер тапшыруу жөнүндө телеграф, телетайп боюнча билдирүү аркылуу заказдык кат менен, ошондой эле кабарлоону же чакыруу катты каттоону камсыз кылуучу башка байланыш каражаттарын пайдалануу менен кабарландырылышы же чакырылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [122-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-122)  
Кийинки берене: [124-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-124)
