# 118-статья. Процесстик мөөнөттүн аякташы

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 10-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-118>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-118.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 118-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-118

---

1. Жылдар менен эсептелген мөөнөт ушул мөөнөттөгү акыркы жылдын тиешелүү айында жана күнүндө аяктайт. Айлар менен эсептелген мөөнөт ушул мөөнөттөгү тиешелүү айда жана айдын акыркы күнүндө аяктайт. Эгерде ай менен эсептелген мөөнөттүн аягы тиешелүү күнү болбогон айга туура келсе, анда мөөнөт ошол айдын акыркы күнүндө аяктайт.

2. Мөөнөттүн акыркы күнү дем алыш күнгө туура келген учурда, андан кийинки жумуш күнү мөөнөт аяктаган күн деп эсептелет.

3. Өткөрүү үчүн мөөнөтү белгиленген процесстик иш-аракет мөөнөттүн акыркы күнүндөгү жыйырма төрт саатка чейин аткарылууга тийиш. Эгерде даттануу, документтер же акча суммасы байланыш органына мөөнөттүн акыркы күнүндөгү жыйырма төрт саатка чейин тапшырылган болсо, анда мөөнөтү өтүп кетти деп эсептелбейт.

4. Эгерде процесстик иш-аракет түздөн-түз сотто же башка уюмда өтө турган болсо, анда мөөнөт бул уюмдарда белгиленген эреже боюнча жумуш аяктаган же тиешелүү операциялар токтогон саатта бүтөт.

---

Мурунку берене: [117-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-117)  
Кийинки берене: [119-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-119)
