# 117-статья. Процесстик мөөнөттөрдү эсептөө

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 10-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-117>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-117.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 117-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-117

---

1. Процесстик иш-аракеттер ушул Кодексте же башка мыйзамдарда белгиленген мөөнөттө жүргүзүлөт. Процесстик мөөнөттөр мыйзамдарда белгиленбеген учурда аны сот дайындайт.

2. Процесстик иш-аракеттерди аяктоо үчүн мөөнөт сөзсүз боло турган окуя көрсөтүлүп, так календарлык дата же мезгил менен аныкталат. Мезгил болгон учурда иш-аракет бүткүл мезгилдин ичинде өтүүгө тийиш.

3. Жылдар, айлар же күндөр менен эсептелген процесстик мөөнөт окуянын башталышы аныкталган календарлык датадан же окуя болгон күндөн кийинки күнү башталат.

---

Мурунку берене: [116-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-116)  
Кийинки берене: [118-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-118)
