# 114-статья. Ишти карап чыгууда сот тарткан соттук чыгымдардын ордун толтуруу

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 8-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 июля 2008 года № 168 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202379)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/12#diff=920732..920733>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-114>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-114.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 114-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-114

---

1. Соттун ишти кароосуна байланыштуу тарткан соттук чыгымдары жана мамлекеттик алым чыгарылган чечимдин жыйынтыгына жараша доо талаптарды канааттандырууга же алардын бөлүгүн канааттандыруудан баш тартууга пропорционалдуу түрдө, соттук чыгымдарды жана мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотулбаган доогерден жана жоопкерден тийиштүү бюджетке өндүрүлүп алынат.

2. Доодон баш тартылган учурда ишти карап чыгууга байланыштуу сот тарткан соттук чыгымдар тиешелүү бюджетке соттук чыгымдарды төлөөдөн бошотулбаган доогерден өндүрүлөт.

3. Эгерде доо жарым-жартылай канааттандырылса, ал эми жоопкер соттук чыгымдарды төлөөдөн бошотулса, ишти карап чыгууга байланыштуу сот тарткан чыгымдар тиешелүү бюджетке соттук чыгымдарды төлөөдөн бошотулбаган доогерден доо талаптарынын канааттандыруудан баш тартылган бөлүгүнө пропорциялуу түрдө өндүрүлөт.

4. Эгерде эки тарап тең соттук чыгымдарды төлөөдөн бошотулса, анда ишти карап чыгууга байланыштуу сот тарткан чыгымдар тиешелүү бюджеттин каражаттарынын эсебине кошулат.

5. Төлөөгө тийиш болгон акыны төлөөдөн качкан адамдарды издөө жарыяланган учурда сот андан издөө жүргүзүү боюнча чыгымдарды тиешелүү бюджеттин кирешесине өндүрөт.

(КР 2008-жылдын 25-июлундагы № 168 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [113-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-113)  
Кийинки берене: [115-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-115)
