# 113-статья. Тараптардын сот чыгымдарынын ордун толтурушу

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 8-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-113>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-113.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 113-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-113

---

1. Башка адамдардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам тарабынан корголуучу таламдарын коргоо арызы менен мыйзамда каралган учурларда сотко кайрылган адамдардын доосунан толугу менен же жарым-жартылай баш тартылганда, жоопкер ишти карап чыгууга байланыштуу тарткан соттук чыгымдардын орду толугу менен же доогерге баш тартылган доо талаптарынын бөлүгүнө пропорциялуу түрдө ага тиешелүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен толтурулат.

2. Доогердин доосунан баш тартылган учурда сот тарабынан тартылган ушул Кодекстин 40-статьясынын жоопкер тарткан соттук чыгымдар 1-пунктунда каралган тартипте тиешелүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен орду толтурулат.

3. Мүлктү камактан бошотуу жөнүндө доо канааттандырылган учурда доогер тарткан соттук чыгымдардын орду ага тиешелүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен толтурулат.

---

Мурунку берене: [112-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-112)  
Кийинки берене: [114-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-114)
