# 112-статья. Доодон жана жарашуу макулдашуусун түзүүдөн баш тарткан учурда сот чыгымдарын бөлүштүрүү

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 8-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-112>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-112.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 112-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-112

---

1. Доогер доодон баш тарткан учурда алар тарткан чыгымдардын ордун жоопкер толтурбайт. Эгерде доогер доосу коюлгандан кийин аларды жоопкер ыктыярдуу түрдө канааттандырышынан улам өз талаптарын колдобосо, анда сот доогердин өтүнүчү боюнча иш боюнча доогер тарткан сот чыгымдарын жана өкүлдүн жардамына акы төлөө боюнча чыгымдарды жоопкерден алып берет.

2. Эгерде жарашуу макулдашуусун түзгөндө тараптар сот чыгымдарын жана өкүлдүн жардамына акы төлөө боюнча чыгымдарды бөлүштүрүү тартибин караса, чыгымдар алардын макулдашуусуна ылайык бөлүштүрүлөт. Эгерде мындай макулдашууга жетишилбеген болсо, сот соттук чыгымдарды жана өкүлдүн жардамына акы төлөө боюнча чыгымдарды бөлүштүрүү маселесин ушул статьянын жана ушул Кодекстин 109-111-статьяларынын жоболору боюнча чечет.

---

Мурунку берене: [111-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-111)  
Кийинки берене: [113-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-113)
