# 109-статья. Сот чыгымдарын тараптардын ортосунда бөлүштүрүү

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 8-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 августа 2004 года № 110 " О внесении изменений и дополнений в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики "](https://aqlex.ai/kg/doc/1509)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/12#diff=920725..920726>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-109>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-109.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 109-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-109

---

1. Чечим пайдасына чыгарылган тарапка сот иш боюнча тарткан бардык сот чыгымдарын экинчи тараптан алып берет, мында бул тарап мамлекеттин кирешесине сот чыгымдарын төлөөдөн сот тарабынан бошотулгандыгы эске алынбайт. Эгерде доо жарым-жартылай канааттандырылса, анда бул статьяда көрсөтүлгөн суммалар доогерге сот тарабынан канааттандырылган доо талаптарынын өлчөмүнө пропорциялуу, ал эми жоопкерге - доогерге баш тартылган доо талаптарынын өлчөмүнө пропорциялуу төлөнөт.

2. Ушул статьянын 1-пунктунда баяндалган эрежелер ишти апелляциялык, кассациялык жана көзөмөл инстанцияларында жүргүзүүгө байланыштуу тараптар тарткан сот чыгымдарын бөлүштүрүүгө да таандык.

3. Эгерде жогору турган сот ишти жаңы карап чыгууга бербестен чыгарылган чечимди өзгөртсө же жаңы чечим чыгарса, ал тиешелүү түрдө сот чыгымдарын бөлүштүрүүнү өзгөртөт.

(КР 2004-жылдын 8-августундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [108-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-108)  
Кийинки берене: [110-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-110)
