# 107-статья. Күбөлөргө, эксперттерге жана адистерге төлөнүүчү суммаларды тараптардын төлөшү

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 8-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-107>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-107.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 107-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-107

---

1. Иш боюнча чыгымдарды төлөө үчүн зарыл болгон, ошондой эле өтүнүчтү берген тарап күбөлөргө, эксперттерге, адистерге төлөнүүчү суммаларды тиешелүү соттун депозиттин эсебине төлөйт. Эгерде күбөлөрдү чакыруу, эксперттерди дайындоо, адистерди тартуу жана акы төлөнүүгө тийиш болгон башка иш-аракеттер соттун демилгеси боюнча жүргүзүлсө же көрсөтүлгөн өтүнүч эки тараптан тең билдирилсе, анда талап кылынган суммаларды тараптар соттун депозиттин эсебине теңдеш өлчөмдө төлөйт.

2. Бул статьяда көрсөтүлгөн суммаларды соттун чыгымдарын төлөөдөн бошотулган тарап төлөбөйт жана тиешелүү бюджеттин эсебинен алынат.

---

Мурунку берене: [106-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-106)  
Кийинки берене: [108-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-108)
